Биз менен байланышыңыз

Жаңы жыйынтык: Босого баллдан 6 партия өттү

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 7329 | 1

Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Учурда добуштарды автоматтык урна эсептеп жатат. БШКнын расмий сайтына жарыяланган расмий маалыматтар боюнча саат 21:00га карата төмөнкү партиялар алдыга чыкты:

  • «Ата-Журт Кыргызстан» — 16, 85 %
  • «Ишеним» — 13, 50 %
  • «Ынтымак» — 10, 81 %
  • «Альянс» — 8, 23 %
  • «Бүтүн Кыргызстан» — 6,74 %
  • «Ыйман нуру» — 6,01 %.

Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоого бир мандаттуу округдардан 282 талапкер жана 21 партия катышты.

Copyright © 2017 Maral FM