Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Учурда добуштарды автоматтык урна эсептеп жатат. БШКнын расмий сайтына жарыяланган расмий маалыматтар боюнча саат 21:00га карата төмөнкү партиялар алдыга чыкты:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 16, 85 %
- «Ишеним» — 13, 50 %
- «Ынтымак» — 10, 81 %
- «Альянс» — 8, 23 %
- «Бүтүн Кыргызстан» — 6,74 %
- «Ыйман нуру» — 6,01 %.
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоого бир мандаттуу округдардан 282 талапкер жана 21 партия катышты.