Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктады. Учурда добуштарды автоматтык урна эсептеп жатат. БШКнын расмий сайтына жарыяланган расмий маалыматтар боюнча саат 20:30га карата төмөнкү партиялар алдыга чыкты:
- «Ата-Журт Кыргызстан» — 29,03%
- «Ишеним» — 24,09%
- «Ынтымак» — 20,69%
- «Альянс» — 14,47%
- «Бүтүн Кыргызстан» — 11,15%
- «Ыйман нуру» — 10,19%
- «Эл үмүтү» — 8,90%
- «Азаттык» — 7,90%
- «Социал-демократтар» — 6,32%
- «Ата Мекен» — 6,45%.
Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Шайлоого бир мандаттуу округдардан 282 талапкер жана 21 партия катышты.