Бүгүн, 28-ноябрь кечки саат 20:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо аяктап, эртең менен саат 08:00дө ачылган шайлоо тилкелери жабылды.
Ушу тапта добуштарды автоматтык саноочу урна эсептөөдө. Андан соң кол менен саналып, акыркы расмий жыйынтык 18-декабрга чейин жарыяланат.
Жалпысынан 2494 шайлоо тилкеси ачылган. Алардын 59у чет өлкөлөрдө.
Жалпысынан жарышка бир мандаттуу округдар боюнча 282 талапкер жана 21 партия катышты.
БШКнын саат 18:00гө карата маалыматы боюнча, добуш берүүгө 1 миллион 50 миң 163ү, же 28,36%ы катышты.
Бир мандаттуу округ боюнча 1 миллион 37 миң 373 адам же 28,66% добуш берди.