Биз менен байланышыңыз

Саат 16:00гө карата шайлоого катышуу 22% болду

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 333 | 0

Бүгүн, 28-ноябрь саат 16:00гө карата бирдиктүү шайлоо округдары боюнча 829 миң 171 шайлоочу добуш берди. Муну менен шайлоого катышуу 22,39 пайызды түздү.

Бул тууралуу БШКнын Ыкчам чара көрүү координациялык тобунун жетекчиси Тынчтык Шайназаров брифингде кабарлады.

Былтыр саат 16:00гө карата элдин шайлоого катышуусу 36,81% болгон.

Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча добуш берүүчүлөрдүн саны — 815 896.

Бирдиктүү шайлоо округу боюнча — 829 171.

Чет өлкөлөрдө тизмеге кирген 84 миң 128 жарандын ичинен 4 миң 689 (5,57%) адам өз тандоосун жасады.

 

Copyright © 2017 Maral FM