Кыргызстанда 28-ноябрга карата 41 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинде:
Бишкек шаарында – 16,
Ош шаарында – 1,
Чүй облусунда – 2,
Ош облусунда – 3,
Талас облусунда – 1,
Ысык-Көл облусунда – 8,
Жалал-Абад облусунда – 2,
Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган.
Өлкөдө пандемия башталгандан бери 183 миң 248 адам коронавирус жуктурган.
Соңку суткада бир бейтап каза болуп, жалпы өлүм учурлары 2 миң 741ге жетти.
Акыркы суткада 88 адам илдеттен сакайып чыгып, жалпы айыккандар 178 миң 48 болду.
Ооруканаларда 427 бейтап, үй шартында 495 адам дарыланууда.
Акыркы суткада COVID-19га каршы 7 миң 238 адам эмдөөдөн өттү. Анын ичинен 3 миң 436 адам вакцинанын биринчи дозасын, 3 миң 802 жаран экинчи дозасын алды.
Өлкө боюнча жалпы 1 млн 102 миң 406 адам вакцинанын биринчи компоненти менен, ал эми 887 миң 128 жаран экинчи компоненти менен эмделди.