Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштөөдө

Кыска кабар | 28 Ноя 2021 | 298 | 0

25-ноябрдан баштап элдин коопсуздугун камсыздоо үчүн Ички иштер органдары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөрүлгөн. Бул шайлоо буга чейинки шайлоолорго караганда өзүнүн тазалыгы, калыстыгы менен айырмаланып, эч кандай бурмалоосуз жагдайда өтүшү керек. Мындай пикирин Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов БШК уюштурган брифингде билдирди.

Ички иштер министрлиги жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык иш-чараларды уюштуруп, азыркы учурда 12 миңге жакын кызматкер коомдук жайларда, көчөлөрдө, шайлоо тилкелеринде күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Анын ичинде, жалпы 2 миң 435 шайлоо тилкесинде коопсуздукту күнү-түнү камсыздоого 6 миңге жакын кызматкер бөлүнгөн.

«Шайлоого байланыштуу добуш сатып алуу, административдик ресурсту колдонуу фактылары же кандайдыр бир башка элге жат көрүнгөн фактылар орун алса, «102» телефонуна кайрылсаңыздар болот. Ар бир аймакка кызматкерлер бөлүнгөн. Тактап айтканда, шайлоого байланыштуу мыйзам бузуулар боюнча ыкчам чараларды көрүү максатында 211 документештирүү тобу түзүлүп, ага тажрыйбалуу 980 кызматкер бекитилген. Аны менен бирге, шайлоо өтүп жаткан аймактарга жакын жерлерде жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарын алдын алуу үчүн 1 миң 500 ашык кызматкер бекитилген», — деди Урмамбетов.

Урмамбетов билдиргендей, учурда жалпысынан шайлоого байланышкан 408 (28-августтан 28-ноябрына чейин) факт катталган. Алардын ичинде 67 кылмыш, 76 жорук, калган 265 башка факты электрондук маалымат журналына тиркелген. Анын ичинде шайлоо баннерлери менен байланышкан 72 факт бар.

Аны менен бирге «жымжырт күндө» ар түрдүү жагдайлар жана маалыматтар боюнча бир күндө 43 факты катталды.
Аталган фактылардын баары азыркы учурда териштирилип жатат жана жыйынтыктары сөссүз түрдө чыгарылат.

Copyright © 2017 Maral FM