Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Маевка айылында добуш сатып алуу фактысы аныкталды

Кыска кабар | 27 Ноя 2021 | 625 | 0

Маевка айылында шайлоочулардын добушун сатып алуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында Жогорку Кеңештин депутатыгына талапкердин үгүттөөчүсү болгон 1965-жылы туулган К.Ч. аттуу жаран Маевка айылынын жашоочуларынын добуштарын сатып алуу максатында акча таратып жүргөнү аныкталган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочуларды сатып алуу) менен катталган.

Андан соң ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы Чүй облусунун милициясы менен биргеликте добуш сатып алуучуларды кармоо максатында атайын операцияны уюштуруп, аталган жаран 18 миң сом берип жатканда колго түшкөн.

Учурда  тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM