Шаршенбек Абдыкеримов кечээ, 23-ноябрда Күрөш федерациясынын президенти кызматынан кетти. Бул тууралуу аталган федерациянын маалымат кызматы билдирди.
«Биз, күрөш коомчулугу, Шаршенбек Шайлообековичке Кыргыз Республикасында грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшүн өнүктүрүүгө жана жайылтууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдиребиз», — деп айтылат маалыматта.
№33 Нарын шайлоо округунан талапкерлигин койгон Шаршенбек Абдыкеримов 19-ноябрда парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.
Шаршенбек Абдыкеримов — «АЮ Холдинг» компаниясынын негиздөөчүсү.