Биз менен байланышыңыз

УКМК: Жолдошбаевдин пайдасына иштеген квартал башчылары аныкталды

Кыска кабар | 24 Ноя 2021 | 687 | 0

№26 Ленин шайлоо округунда шайлоочуларга акча тараткан квартал жана үй комитет башчылары аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети маалымдады.

УКМК кызматкерлери Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү менен катталган кылмыштын алкагында иликтөө жүргүзгөн. Анын натыйжасында №26 Ленин шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Камчыбек Жолдошбаевдин ишенимдүү өкүлү кармалган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Ленин районундагы №2 жана №4 муниципалдык аймактык башкаруусунун квартал жана үй комитет башчылары, алардын туугандары Камчыбек Жолдошбаевден акча алып, мыйзамсыз үгүт жүргүзгөнү тастыкталган.

Азыркы учурда квартал жана үй комитет башчыларына карата тиешелүү чечимдерди кабыл алуу үчүн БШКга жана Бишкек шаарынын мэриясына материалдар жөнөтүлдү.

Copyright © 2017 Maral FM