Биз менен байланышыңыз

Экспорттоочу тездетүүнүн жеңүүчүлөрү жарыяланды

Кыска кабар | 22 Ноя 2021 | 193 | 0

19-ноябрда Бишкекте Чүй облусунун экспортко багытталган өндүрүш жана кайра иштетүү ишканалары үчүн биринчи Accelerate Prosperity программасынын демо-күнү өттү. Бул жолу питчингдин жеңүүчүлөрү үчүн сунушталган инвестициянын суммасы 100 000 долларга чейин жетти!

98 арыздын ичинен 25 компания тандалып алынган, анын ичинен 21 компания толугу менен окуудан өтүп, катышуучулардын арасында сүттү кайра иштетүү, бал, тиричилик химиясы, текстиль, балдар оюнчуктары, медициналык буюмдар, ошондой эле айнек, жыгач өндүрүүчү жана башка ишканалар бар.

Адель Султанбекова, АРнин акселерация аналитиги:

«Бул — өндүрүш тармагындагы компаниялар үчүн биринчи уюштуруп жаткан акселерация. Ошондуктан, биздин программанын 60%ы бизнес-процесстерди оптималдуу кылууга багытталган, ал эми 40%ы экспорттук модулдардан, алдыңкы ишканаларга бизнес-турлардан, ошондой эле таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында компаниянын негиздөөчүлөрү/менеджерлери менен официалдуу эмес жолугушуулардан турат. 7 жуманын ичинде катышуучулары баалуу сунуш, адам ресурстарын башкаруу, экспорттук стратегиялар, финансылык жана бизнес моделдөө, маркетинг сыяктуу темалар боюнча интенсивдүү тренингдерди өтүп, тажрыйбалуу трекерлер менен жекече иштешти». 

Бул акселерациянын өзгөчөлүгү экспорттун укуктук аспектилери жана документациялык колдоо, логистика, бажылык жөнгө салуу, онлайн экспорттун мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле экспорттук ишмердиктеги каржылык куралдар жана салыктар боюнча окуу программасына кирген темалар. Программа абдан кызыктуу болду.

Демо-күнүндө окууну ийгиликтүү аяктаган ишкерлер инвестициялык комитетке бизнес долбоорлорун жана масштабын кеңейтүү боюнча стратегияларын көрсөтүштү. Катышуучуларга 3 мүнөттөн эркин кайрылуу, 5 мүнөттөн суроо-жооп убактысы берилди.

Долбоорлордун питчингинин жыйынтыгы боюнча 100 000 долларга чейинки суммадагы долбоорлорун өнүктүрүү үчүн инвестицияларды алуу максатында андан ары комплекстүү баалоо үчүн кыска тизмеге эң күчтүү үч өндүрүш жана кайра иштетүүчү компаниялар тандалып алынды: Lucky Socks, ЖЧК «Швейпрофит» жана Okey. Күтүү тизмесинде: «Артэрикс Холдинг», ЖЧК «Кыргыз Органик», Econit жана ЖЧК «Шоколадка».

Программаны ийгиликтүү аяктаган бардык компаниялар Accelerate Prosperity бүтүрүүчүлөрү болуп, эл аралык питчинге жана башка AP иш-чараларына, мындан кийинки Демо-күндөрүнө катышуу, өнөктөштөрдөн каржылоо мүмкүнчүлүгү, бүтүрүүчүлөр клубуна мүчөлүк жана кеңири ресурстардан пайдалана алышат да жана башка мүмкүнчүлүктөргө ээ болушат.

Бизнес-акселератор Accelerate Prosperity ASIA долбоорунун алкагында ишке ашырылып, Европа Биримдиги жана Ага Хан Фонду тарабынан каржыланат. Долбоор ишкерликти өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги калктын экономикалык жыргалчылыгын жогорулатууга багытталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM