«Учкун» мамлекеттик ишканасы шайлоо бюллетендерин өлкө аймактарына жөнөттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Даярдалган бюллетендер Жалал-Абад, Ош, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас жана Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын округдук шайлоо комиссияларына, ошондой эле чет өлкөдөгү участкаларга жөнөтүлдү.
Бюллетендерди кабыл алуу-өткөрүү актысына кол коюу маалында Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, байкоочулар, саясий партиялардын жана талапкерлердин өкүлдөрү, басмакананын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бирдиктүү шайлоо округу боюнча депутаттарды шайлоо үчүн – 3 млн 702 миң 646 бюллетень даярдалды.
Кыргыз тилинде – 2 млн 970 миң 157, орус тилинде – 732489 бюллетень.
Мындан тышкары, 2494 бюллетень Брайль ариби менен даярдалды.
Бишкек шаарына — 431 382,
Жалал-Абад облусуна – 686 684,
Ош облусуна – 900 536,
Баткен облусуна – 305 666,
Нарын облусуна – 209 073,
Ысык-Көл облусуна – 316 828,
Талас облусуна – 163 001,
Чүй облусуна – 611 842 бюллетень,
-чет өлкөлүк участкаларга – 75 727 бюллетень жөнөтүлдү.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча жалпы 3 млн 625 миң 277 бюллетень даярдалды.
Кыргыз тилинде – 2 млн 928 миң 810, орус тилинде – 696467 бюллетень.
Мындан тышкары, 2435 бюллетень Брайль ариби менен дардалды.
Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Ага бир мандаттуу шайлоо округдарынан 36, партиялык тизме менен 54 депутат катышат. Учурда шайлоо алдындагы үгүт иштери жүрүп жатат.