Биз менен байланышыңыз

Башкы прокуратура картадагы катаны моюнга алды

Кыска кабар | 20 Ноя 2021 | 2110 | 0

Бүгүн, 20-ноябрда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн иш-чарада илинген Кыргызстандын картасы социалдык тармакта талкууга түштү.

Анда Кыргызстандын аймагында жайгашкан Тажикстандын Ворух анклавы Кыргызстандан бөлүнүп турганын даана көрүүгө болот.

Картанын фонунда президент Садыр Жапаров сөз сүйлөдү.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бул боюнча түшүндүрмө берди.

-Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюрутманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт. Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп, сарсанаа болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз,-деп айтылат маалыматта.

20-ноябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденцияда прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата иш-чара өтүп, ага президент Садыр Жапаров да катышкан.

Социалдык тармактын колдонуучулары карта боюнча негиздүү түшүндүрмө берүүнү талап кылышты.

Copyright © 2017 Maral FM