Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров иш сапар менен Арменияга барды

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 250 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын борбору Ереван шаарына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышуу үчүн барды.

Министрлер кабинетинин төрагасын Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Армениянын тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Армениядагы Кыргызстандын консулу Бабкен Седракян тосуп алды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны 18-19-ноябрда Ереван шаарында Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле байкоочу өлкөлөр – Өзбекстан жана Кубанын өкмөт башчыларынын, Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири форматта болот. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапардын алкагында Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь премьер-министри Роман Головченко жана Орусиянын өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолугушуу өткөрөрү мерчемделүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM