Биз менен байланышыңыз

19-ноябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 18 Ноя 2021 | 328 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 19-ноябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош облустарынын тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз -3…+2;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн -1…-6, күндүз +3…+8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз -4…+1;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;

Бишкекте 19-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз -1…+1 градус.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM