Биз менен байланышыңыз

«Кыргыз темир жолу» 20 чакырым рельс сатып алды

Кыска кабар | 11 Ноя 2021 | 255 | 0

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасы өз каражатынын эсебинен 20 чакырым рельс сатып алды. Бул тууралуу аталган мекемеден кабарлашты.

«10-ноябрь күнү Р-65 рельстеринин биринчи партиясы келди. Рельстер жаңы, 2021-жылы чыгарылган жана биздин талаптарга жооп берет. Ушул жумада көйгөйлүү участкаларга рельс төшөй баштайбыз», — деди ишкананын башкы директору Азамат Сакиев.

20 чакырым рельс төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

— темир жолдун 3933-чакырымынан 3946-чакырымына чейин («Балыкчы» станциясынан 148-чакырым чейин) 14 чакырым темир рельс менен төшөлөт;

— 3729 чм темир жолдон 3733 чмга чейин — 5 чм рельс (Кара-Балта станциясынан 141-разъездге чейин);

— темир жолдун 3676 чм («Мерке-Чалдовар») 1 чакырым рельс төшөлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM