Биз менен байланышыңыз

УКМК: Эң керектүү 500дөн ашык дарынын баасы арзандатылды

Кыска кабар | 10 Ноя 2021 | 426 | 0

Дары-дармектин бааларын жөнгө салуу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруу жана УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин протоколдук тапшырмаларын аткаруу максатында мекемелер аралык жумушчу комиссия фармацевтикалык компаниялар менен биргеликте керектүү болгон дары-дармекти арзандатуу иштерин жүзөгө ашырды.

Биринчи этапта зарыл делген дары-дармектин тизмесине кирген жана эпидемиологиялык кырдаалда чоң суроо-талапка ээ болгон 500дөн ашык дары аныкталып, ири дарыканаларда мурунку баасынан 10% дан 68% га чейин төмөндөтүлдү.

Азыркы учурда негизги керектелүчү дары-дармектин жеткиликтүүлүгүнө баа берүү максатында импорттук, дүң жана чекене баалары боюнча мониторинг жүргүзүлүүдө.

Баалардын реалдуу абалына системалуу түрдө мониторинг жүргүзүү үчүн дарыкана түйүндөрүндөгү бааларды төмөндөтүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин сайтына жайгаштырылып, коомчулукка кабарланып турат.

Copyright © 2017 Maral FM