Биз менен байланышыңыз

ИИМ: Алдамчылыкка шектелип мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

Кыска кабар | 3 Ноя 2021 | 232 | 0

Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү менен Орусиянын ИИМнин аймактык бөлүмдөрүнүн биргелешип жүргүзгөн иштеринин натыйжасында ири алдамчылык аракеттери үчүн өз мекенинде издөөдө жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

29-октябрда ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгүнүн жардамы жана Орусиянын ИИМнин Москва шаарындагы Выхино-Жулебино району боюнча бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн Жалал-Абад облусунун 1982-жылы туулган Э.О. аттуу тургунун кармашты. Алынган маалыматтар боюнча, кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү катары Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин ыкчам каттоосунда турат.

Ал 2010-жылдан 2013-жылга чейин 14 алдамчылыкка шектелип, 2016-жылдан бери мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. Жабыр тарткан ишкерлерге келтирилген материалдык чыгым 33 миң 500 доллардан ашат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган жаран узак убакыт бою жасалма документтерди жасап, өзүн соода жайынын ээси катары көрсөтүп, жарандарды алдап, башка бирөөнүн мүлкүн чоочун адамдарга мыйзамсыз сатып жүргөн.

1982-жылы туулган Э.О. аттуу жаран 2015-жылдан бери Ош облусунун ички иштер башкармалыгы тарабынан издөөдө жүргөн. 2016-жылдын сентябрь айында мамлекеттер аралык издөөгө алынган. Маалым болгондой, издөөдө жүргөн жаран Москва шаарында жүргөндө жакын тууганынын паспортун колдонуп, 5 жыл изин жашырууга үлгүргөн.

Учурда Э.О. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошондой эле учурда өз өлкөсүнө экстрадициялоо маселеси чечилүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM