Биз менен байланышыңыз

31-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 231 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 31-октябрда Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде кар жаайт. Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан катуу жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз +10…+15;

Талас облусунда түнкүсүн -2…+3, күндүз +8…+13;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында ​түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз +5…+10;

Нарын облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз +4…+9;

Бишкекте 31-октябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +1…+3, күндүз +12…+14 градус жылуу болот.

Copyright © 2017 Maral FM