Биз менен байланышыңыз

БШКда талапкерлерге акысыз эфир берүү боюнча чүчүкулак тартуу башталды

Кыска кабар | 30 Окт 2021 | 354 | 0

Бүгүн, 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге акысыз эфир берүү боюнча чүчүкулак тартуу процесси башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы «Ютуб» каналы аркылуу түз көрсөтүүдө.

Чучукулак тартууга саясий партиялардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча талапкерлер, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, коомдук байкоочулар, ошондой эле округдук шайлоо комиссияларынын өкүлдөрү, акысыз эфир берүү милдеттендирилген мамлекеттик телерадио уюмдарынын өкүлдөрү катышууда.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. 29-октябрда үгүт өнөктүгү башталды, ал 27-ноябрга чейин уланат.

Бекматов: Добуштардын купуялуулугуна толук шарт түзөбүз

Copyright © 2017 Maral FM