Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров: Мамлекеттик аппарат эл кызыкчылыгы үчүн иштеши керек

Кыска кабар | 29 Окт 2021 | 371 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аткаруу бийлигинин жаңы курамы менен кеңешме өткөрдү. Анда ар бир мамлекеттик органдын алдында турган негизги милдеттерди аныктады.

Жапаров өлкөгө мамлекеттик аппараттын тутумун жакшыртуу боюнча чечкиндүү чараларды кабыл алуу жоопкерчилигин өзүнө ала турган компетенттүү жана жооптуу башкаруучулар керектигин айтты.

«Биз ар бир мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын жетекчиси карапайым адамдардын жашоосун жакшыртууга багытталган чечимдерди кабыл алып баштамайынча, экономикалык өсүшкө жетише албайбыз. Мамлекеттик аппарат эл кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Биз алдыбызга олуттуу максаттарды жана пландарды койдук, аларды ишке ашырабыз», – деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жаңы редакциядагы иш регламентин кабыл алды. Регламент ашыкча бюрократиядан арылууга мүмкүндүк берери айтылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM