Биз менен байланышыңыз

Быйыл 9 этникалык кыргыз медициналык академияга кабыл алынды

Кыска кабар | 25 Окт 2021 | 227 | 0

Быйылкы окуу жылында 12 этникалык кыргыз окууга кабыл алынды. Анын тогузу Иса Ахунбаев атындагы кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында, үчөө ОшМУда билим алып жатат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады.

Министрлик жыл сайын чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздарды Кыргызстандын жогорку окуу жайларына тандап алуу жана кабыл алуу боюнча иш жүргүзүп келет.

Этникалык кыргыздар гуманитардык, инженердик-техникалык, медициналык, айыл чарба ж.б. багыттар боюнча окушат.

Соңку үч жылда 40 этникалык кыргызга бюджеттик орундар берилди. Атап айтканда:

— 2019-2020-окуу жылында 14 этникалык кыргыз И. Ахунбаев атындагы КММАга окууга кабыл алынды;

— 2020-2021-окуу жылында 14 этникалык кыргыз И. Ахунбаев атындагы КММАга окууга кабыл алынды;

— 2021-2022-окуу жылында 12 этникалык кыргыз окууга кабыл алынды (анын ичинен тогузу И. Ахунбаев атындагы КММАда, үчөөсү – ОшМУда билим алууда).

Министрлик этникалык кыргыздар үчүн компьютердик же бланктык тестирлөө формасында кирүү сынактарын уюштурат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM