Биз менен байланышыңыз

Өзбекстан БШКсы президенттик шайлоону өттү деп эсептеди

Дүйнө , Кыска кабар | 24 Окт 2021 | 905 | 0

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоону өттү деп жарыялады.

24-октябрда саат 11:00гө карата 6 млн 669 миң 552 шайлоочу добуш берүүгө катышты. Бул жалпы шайлоочулардын 33,6 пайызын түзөт.

Өзбекстандын шайлоо кодексине ылайык, шайлоого катышуу 33 пайызды түзсө, өттү деп кабыл алынат.

24-октябрда Өзбекстанда президенттик шайлоодо 64 жаштагы Шавкат Мирзиёев экинчи мөөнөткө шайланып келгени жатат. Андан башка оппозициячыл эмес партиялардан төрт талапкер ат салышкан.

Мыйзамга ылайык, Өзбекстанда шайлоо өнөктүгүнүн башталышы жарыяланган күнгө чейин 4 ай мурда каттоодон өткөн партиялар гана президенттике талапкерди көрсөтө алат. Ага байланыштуу учурда коңшу мамлекетте президенттикке талапкерди 5 партия сунуштаган:

-Өзбекстандын либералдык-демократиялык партиясы өлкөнүн азыркы президенти 64 жаштагы Шавкат Мирзиёевди;

-Экологиялык партия 46 жаштагы Нарзулло Обломурадовду;

-Элдик демократиялык партия 60 жаштагы Максуда Варисованы;

«Адолат» социал-демократиялык партиясы 62 жаштагы Бахром Абдухалимовду;

«Миллий тикланиш» демократиялык партиясы 46 жаштагы Алишер Кадыровду көрсөткөн.

Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, шайлоочулардын тизмесине 19,86 миллион адам киргизилген.

Copyright © 2017 Maral FM