Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан эл аралык PISA сынагына катышат

Кыска кабар | 22 Окт 2021 | 914 | 0

Кыргызстан 2025-жылы өтө турган окуучулардын билим деңгээлин баалоонун эл аралык PISA программасына катышууга даярдык көрүп баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жакында эле Билим берүү жана илим министрлиги өлкөдөгү окуучуларды PISA-2025ке даярдоо боюнча тегерек стол өткөргөн.

Эл аралык баалоо программасы боюнча маалыматтар төмөндө:

PISA деген эмне?

PISA (Programme for International Student Assessment) – окуучулардын билим деңгээлин баалоонун эл аралык программасы. Аны 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму (OECD) ар үч жылда бир жолу өткөрүп келет. Эл аралык баалоонун 8-цикли (2021-жылы өтүшү керек болчу) Covid-19 пандемиясына байланыштуу бир жылга жылдырылып, 2022-жылы өтө турган болду. PISAга катышкан өлкөлөрдүн саны 2000-жылы 32 болсо, 2022-жылга карата 88ге жетти. Бул өз кезегинде PISAны ушул сыяктуу изилдөөлөрдүн эң масштабдуусуна айландырды.

PISA изилдөөсү мониторинг жүргүзүү болуп эсептелет. Ал ар бир мамлекеттин билим берүү системасындагы өзгөрүүлөрдү аныктап, билим берүү жетишкендиктерин же кемчиликтерин салыштырып, тиешелүү тыянак чыгарууга мүмкүндүк берет. Билим берүү системасындагы стратегиялык чечимдердин натыйжасын баалайт, билим берүү саясатынын максаттарын аныктоого жардам берет.

PISA кимди баалайт?

Тестке дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн 15 жаштагы окуучулар катышат. Көпчүлүк өлкөлөрдө билим берүү системасы жалпы багытка ээ, ошондуктан ушул жаштан тарта милдеттүү билим алуу аяктайт.

PISA эмнени баалайт?

PISA окуучулардын турмуштук (функционалдык) сабатын: мектепте алган билимин иш жүзүндө колдонуу жөндөмүн жана балдардын коомдо өз алдынча жашап кетүүгө даярдыгын баалайт. Тактап айтканда, жалпы орто билим алган окуучу коомго толук кандуу аралашып кетүүсүнө, өз ордун табуусуна керектүү болгон көндүмү жана билими бар же жок экенин баалоону максат кылат.

PISAнын өлчөө аймагы

Окуучулардын билим жетишкендиктерин изилдөө негизги үч багытта жүргүзүлөт: окуу сабатыматематикалык сабат жана табигый илимдер боюнча сабат. Мында окуучулардын жалпы билимди жана интеллектуалдык көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө баа берүүгө өзгөчө көңүл бурулат. Баалоодо негизги көңүл жогорудагы үч багыттын бирөөсүнө коюлат. Тактап айтканда, тестирлөөгө кеткен убакыттын үчтөн эки бөлүгү негизги делген багытка бөлүнөт.

PISA изилдөөcүнүн ар бир баскычында баалоонун артыкчылыктуу багытын өзгөртүү – изилдөөнүн негизги багыты боюнча толук кандуу маалымат алуу жана бул багыттагы жетишкендиктерге салыштырма талдоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгү. Негизги баалоо багыттарынан тышкары PISAнын акыркы баскычтарында кошумча инновациялык багыттар иштелип чыккан. Ар бир 3 жылда бир инновациялык баалоо багыты киргизилет:

  • Санариптик сабат (2009)
  • Тапшырмаларды өз алдынча аткаруу (2012)
  • Тапшырманы биргеликте аткаруу (2015)
  • Глобалдык компетенттүүлүк (2018)
  • Чыгармачыл ой жүгүртүү (2022)

Ар бир мамлекет кошумча багытты тандоону же андан баш тартууну өзү чечет.

PISAга катышуу Кыргызстанга эмне берет?

PISA изилдөөcү мамлекеттеги билим берүүнүн абалы боюнча объективдүү маалымат бере алат. Изилдөөнүн жыйынтыгы Кыргызстан үчүн төмөндөгүлөргө жардам берет:

  • Кыргызстандагы окуучулардын турмуштук сабатынын деңгээлин баалоо жана аны менен бирге экономикалык жактан анча өнүкпөгөн же өнүккөн өлкөлөрдүн билим берүү системаларына карата Кыргызстандын билим берүү системасынын натыйжасын салыштыруу;
  • билим берүүгө ийгиликтүү колдонулган дүйнөлүк тажрыйбадан үлгү алуу;
  • окутуунун натыйжасына жана жыйынтыктарына таасири тие турган факторлорду баалоо жана Кыргызстандын билим берүү системасын реформалоо үчүн сунуш жана стратегия иштеп чыгуу;
  • убакыттын өтүшү менен Кыргызстандагы окуучулардын турмуштук сабатын өнүктүрүүдөгү өзгөрүүлөрдү байкоо.

Изилдөө куралдары

PISAнын изилдөө куралдарына тесттик тапшырмалар жана анкеталар кирет. Куралдар Концорциумдун (Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюмунун эл аралык алдыңкы илимий уюмдар менен консорциуму) жетекчилиги астында баалоо программасына катышуучу өлкөлөрдүн жана алдыңкы эл аралык уюмдардын эксперттеринин катышуусунда түзүлөт. Тестти тапшырып бүткөн соң, ар бир окуучу жарым сааттын ичинде билим берүү уюму, үй-бүлө, анын жакындары менен болгон мамилеси жана өзүнүн кызыгуусу боюнча суроолордон турган анкета толтурат. Билим берүү уюмунун администрациясы да кошумча сурамжылоодон өтөт.

Тапшырмалардын форматы

Тест тапшырмалары анкета түрүндө болот жана белгилүү бир көйгөйдүн түшүндүрмөсү менен тапшырмалар берилет. Анда ар кандай мүнөздөгү жана кыйынчылыктагы бирден алтыга чейин суроолор берилет.

Тест суроолорунун ар кандай форматтары (ачык же жабык) колдонулат. Мында окуучулар суроолорго өз оюн жазышы, жеке көз карашын билдире алышы керек, же туура, же туура эмес деп баалана турган (жабык жооптор) чектелүү варианттардын ичинен жоопторду тандап алышы керек. Тесттик тапшырмалардын дээрлик жарымын эркин түрдө жооп берүүгө болжолдонгон суроолор түзөт. 2015-жылдан тартып PISA компьютердик баалоого өттү. Дээрлик бардык өлкөлөр санариптик форматтагы тестирлөөгө катышкан.

Изилдөөнү өткөрүүнү стандартташтыруу

Изилдөө бирдиктүү координациялык борбор тарабынан даярдалган инструкция жана эрежелерге ылайык жүргүзүлөт. Изилдөөнүн ар бир этабы (үлгү алуу, куралдарды которуу жана адаптациялоо, тестирлөөнү өткөрүү жана анкеталоо, маалыматтарды анализдөө жана текшерүү) эл аралык эксперттер тарабынан көзөмөлдөнөт. Жоопторду тандоо менен тапшырмалардын аткарылышын текшерүү атайын программалык камсыздоонун жардамы менен автоматтык түрдө жүргүзүлөт. Ачык жооп менен болгон тапшырмаларды текшерүүнү улуттук жана эл аралык деңгээлдеги эксперттер жүргүзүшөт.

Жыйынтыктар кантип бааланат?

Тесттен өткөн ар бир окуучуга эл аралык 1000 баллдык шкала боюнча упай берилет, ал эми ар бир топтогу тапшырманы аткаруу үчүн өзүнчө (математика, окуу жана табигый илимдер) упай берилет.

Эл аралык 1000 баллдык шкала төмөнкүдөй мүнөздөмөлөргө ээ: шкала боюнча орточо балл 500, стандарттык четтөө 100 балл, ошондо бул изилдөөгө катышкан бардык өлкөлөрдөгү билим алуучулардын болжол менен 2/3 бөлүгү 400дөн 600га чейин балл ала турганын билдирет.

Окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына (PISA) Кыргызстандын катышуусу

Кыргыз Республикасы бул изилдөөгө эки жолу (2006-жылы жана 2009-жылы) катышкан. 2006-жылы изилдөөгө өлкөдөгү 201 билим берүү мекемесинен 15 жаштагы 5904 окуучу катышкан. 2009-жылы 173 билим берүү уюмунан 4986 окуучу катышкан. Анын жыйынтыгы боюнча толук маалыматты testing.kg сайтынан алсаңыздар болот.

Кыргызстан мектептик билим берүүнүн эл аралык рейтингине 2025-жылы кайрадан кошулууга даяр. Учурда өлкөнү PISAга даярдоо иштери башталды. PISA-2025тин эң башкы багыты табигый илимдер боюнча сабаттуулук болот. Мындан сырткары Эл аралык баалоо Экономикалык кызматташтык жана өнүктүрүү уюму жаңы эки компонентти киргизүүнү мерчемдеп жатат:

  • Санариптик дүйнөдө окутуу (инновациялык тармак). Азыркы учурда мектепте жана андан сырткары колдонулуп жаткан санариптик инструменттердин (браузерлер, онлайн курстар, виртуалдык лабораториялар) жардамы менен окуучулардын өз алдынча билим алууга даярдыгы бааланат;
  • Чет тили (эл аралык опция). Алгач өлкө тандаган чет тилин билүү деңгээли бааланат, кийин бул опция ар 6 жылда каржылык сабат боюнча тест менен кезектешип өткөрүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM