Биз менен байланышыңыз

Жеке мандатка үмүт арткан Жогорку Кеңештин 29 депутаты

Блог , Саясат | 15 Окт 2021 | 2813 | 0

Кыргызстанда 28-ноябрда парламенттик шайлоо аралаш система менен өтөт. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болуп, алардын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдан шайланат. Шайлоого катышуу үчүн 70 партия катталган, алардын ичинен 26сы съезд өткөрүп, 23ү талапкерлеринин тизмесин бекитти.

Бул жолку шайлоого былтыркы фаворит партиялардын көбү катышпайт. Ошондой эле Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттардын көпчүлүгү партиялык тизме менен эмес, бир мандаттуу округдан талапкер катары өзүн-өзү көрсөтүшүүдө. Мындан улам коомчулукта «партиялык тизме менен депутат болуу кыйынбы?» деген суроо жаралууда.

Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык бир мандаттуу округдан 36 депутат шайланып келет. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 16-августка карата Кыргызстанда 3 млн 657 миң 8о5 шайлоочу бар. 80 миңден 120 миңге чейинки шайлоочулардын саны менен өлкө боюнча жалпы 36 округ түзүлдү.

Бир мандаттуу шайлоо округуна жарандар өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен талапкерлигин койсо болот. Ошондой эле ар бир саясий партия түзүлгөн округдар боюнча өздөрүнүн талапкерлерин көрсөтө алат. Партиялар бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөн талапкерлерди өздөрүнүн съездинде карап, жашыруун добуш менен бекитип бериши керек.

13-октябрга карата бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына 381 талапкер көрсөтүлдү (31 аял жана 350 эркек), алардын ичинен 379 талапкер өзүн-өзү көрсөтсө, 8 талапкер 7 саясий партиядан көрсөтүлдү.

Жыйынтыгы жокко чыккан былтыркы шайлоодо Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттарынын жарымынан көбү (61и) шайлоого катышкан болчу, быйыл алардын 29у бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөттү. Алардын тизмеси төмөнкүдөй:

Учурдагы депутаттардан кимдер шайлоого барат? (тизме)

Copyright © 2017 Maral FM