Биз менен байланышыңыз

2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасы кабыл алынды

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 1094 | 0

Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду.

2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынганына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөнүнө байланыштуу Конституциянын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:

2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.

Министрлер Кабинети:

— 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;

— 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;

— ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.

Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргызстанда өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.

2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын тексти:

Нац программа 2026_кырг

Copyright © 2017 Maral FM