Президент Садыр Жапаров «2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө» жарлыкка кол койду.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда Кыргызстандын Конституциясы кабыл алынганына жана өлкөдөгү социалдык-экономикалык кырдаал өзгөргөнүнө байланыштуу Конституциянын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылынат:
2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасы бекитилсин.
Министрлер Кабинети:
— 2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыксын жана кабыл алсын;
— 2018-2040-жылдары Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясында көрсөтүлгөн инвестициялык долбоорлорду актуалдаштырсын;
— ушул Жарлыктан келип чыгуучу тиешелүү чараларды көрсүн.
Жогорку Кеңешке, сот бийлигинин органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өздөрүнүн стратегиялык документтерин (концепцияларды, стратегияларды, программаларды) жана иш-чаралардын пландарын 2026-жылга чейин Кыргызстанда өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык келтирүү сунушталсын.
2026-жылга чейин Кыргызстандын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын тексти: