Биз менен байланышыңыз

Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиев депутаттыкка талапкерлигин көрсөттү

Кыска кабар | 14 Окт 2021 | 386 | 0

Кыргыз спортчусу, коомдук ишмер Каныбек Осмоналиев 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз калтырды. Бул тууралуу БШКнын расмий сайтына жарыяланды.

Каныбек Осмоналиев Чүй облусунун №31 Чүй-Кемин округунан талапкерлигин көрсөткөн.

Учурда парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу үчүн 387 талапкерден арыз түшкөн.

Белгилей кетсек, 28-ноябрдагы парламенттик шайлоо жаңы Конституция жана анын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамы боюнча өтөт. Ага ылайык парламентте 90 депутат болот. Алардын ичинен 54 депутат партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет.

Бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерди каттоо кечээ, 13-октябрда аяктады. Ал эми документтерди кабыл алуу 18-октябрда аяктайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM