Биз менен байланышыңыз

Ички иштер министринин орун басары кызматтан кетти

Кыска кабар | 11 Окт 2021 | 379 | 0

Сүйүн Өмүрзаков Ички иштер министринин орун басары кызматынан кетти. Бул маалыматты аталган мекеменин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка караганда, Өмүрзаков парламенттик шайлоого катышуу үчүн арыз жазган.

Сүйүн Өмүрзаков 2016-жылдын 9-июнунан бери Ички иштер министринин орун басары болуп эмгектенип келе жатат.

Copyright © 2017 Maral FM