Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө Бирназар бийдин 300 жылдыгы белгиленди (сүрөт)

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 344 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда элдик баатыр Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган салтанатка катышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет башчысы салтанатты ачып жатып, Бирназар бийдин кыргыз жерлерин сактап калууга, сырткы баскынчылардын мизин кайтарууга жана кыргыз урууларынын чек араларын аныктоого кошкон чоң саясий, аскердик жана дипломатиялык салымын белгиледи.

Садыр Жапаровго Бийназар бийдин ата-бабалары, урпактары жана анын санжыра дарагы тууралуу архивдик материалдар көрсөтүлдү.

Иш-чарада түрдүү этно-оюндар көрсөтүлуп, бүркүт салуу, тайган жарыштары болду.

Copyright © 2017 Maral FM