Биз менен байланышыңыз

Жети-Өгүздө Бирназар бийдин эстелиги ачылды

Кыска кабар | 9 Окт 2021 | 204 | 0

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-октябрда, улуттук баатыр Бирназар Алдаш уулунун эстелигинин ачылышына катышты. Бул тууралуу Президенттик Администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Бирназар бийдин 300 жылдыгына арналган иш-чара Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда болуп өттү.

Мамлекет башчысы Бирназар бийдин эстелигине гүл коюп, Куран окулду.

Бирназар бий башкаруучу, дипломат жана чет элдик баскынчыларга каршы күрөштө кыргыз элинин лидерлеринин бири катары тарыхта из калтырган.

Copyright © 2017 Maral FM