Connect with us

Сузактагы окуя боюнча алты жетекчи кызматтан алынат

Кыска кабар | 14 Май 2024 | 514 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында манас айтуу иш-чарасы учурунда окуучуларды унаа тебелеп кеткен окуяны иликтөө үчүн түзүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык, иш-чаранын уюштуруучулары катышуучулардын коопсуздугуна байланыштуу зарыл чараларды көрбөгөндүгү белгиленди.

Облустук, райондук ички иштер органдарынын жетекчилери милдеттерин толук аткарган эмес. Билим берүү мекемелеринин жооптуу адамдары райондук жана облустук администрациялар менен маалымат алмашуусу талаптагыдай жүргүзүлгөн эмес.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилери “Урааным Манас” сынагын өткөрүүнүн конкреттүү датасы жөнүндө кабардар болгон эмес сыяктуу айрым фактылар белгиленген.

Уюштуруу маселелери 1-майдан 5-майга чейинки күндөр расмий эс алуу күндөрү болгону үчүн татаалдашкан. Мындан тышкары, Сузак райондук мамлекеттик администрациясы акциянын датасы тууралуу чечимди телефон аркылуу тараткан.

Иш-чарага райондогу 2878 окуучу жана 18 мектептин 341 мугалими катышкан. Ошол эле учурда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында эки гана жол коопсуздугун камсыздоо инспектору тартылган.

Окуянын чоо-жайын иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан тартиптик жаза жарыялоо, министрликтердин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин, кызматкерлерин ээлеген кызматтарынан бошотуу сунушталды.

Жалпысынан тартиптик жоопкерчиликке 21 кызматкер тартылды, анын ичинен 6 адам ээлеген кызматынан бошотууга көрсөтүлдү.

2-майда Сузак районунда манас айтуу боюнча республикалык кароо-сынактын алкагында флешмобго катышып жаткан окуучуларды Hyundai Porter унаасы тебелеп кеткен. Анын натыйжасында 32 адам ар кандай жараат алган.

Акыркы маалымат боюнча, Бишкекте дарыланып жаткан он баланын алтоосу ооруканадан чыгарылды.

Copyright © 2017 Maral FM