Connect with us

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу бир катар көчөлөр жабылууда. Тизме

Кыска кабар | 14 Май 2024 | 271 | 0

Бишкек шаарында «Электр станциялар» ишканасы жана «Бишкек жылуулук тармагынын» адистери Жукеев -Пудовкин көчөсүндөгү магистралдык жылуулук тармагын реконструкциядан өткөрүүдө.

Мындан улам Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров жана Кулатов көчөлөрүнүн ортосундагы тилкесинде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилди. Бул эки көчөнүн кесилишинде унаалардын кыймылына чектөө киргизилет. Карасаев менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылы чектөөсүз жүргүзүлөт.

Реконструкциянын алкагында 700 мм диаметрдеги эскирген түтүктөр 900 мм диаметрдеги жаңы түтүктөргө алмаштырылат. Жалпы узундугу 845 метр. Жылуулук тармагынын бул бөлүгү 1985-жылы колдонууга берилип, 39 жылдан бери иштеп келген.

Мэрия жаңы окуу жылына чейин оңдоо иштерин аяктоо үчүн жумуштар эрте башталганын маалымдайт.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы Кокчетавская, Ахунбаев, Конорчок, Исанов көчөлөрүнүн, Эркиндик бульварынын жол тилкелеринде жол жумуштары жүргүзүлүп, убактылуу жол кыймылына чектөөлөр киргизилгенин билдирди.

Мындан тышкары, борбордо 18-майдан тарта капиталдык оңдоого байланыштуу бир нече көчө жабылат.

Жабыла турган көчөлөр төмөнкүлөр:

— Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев  көчөсүнөн Сүйөркуловго чейин;

— Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейин.

Мэриянын маалыматына караганда, Байтик Баатыр көчөсү А.Токомбаев  көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейин, ал эми И. Ахунбаев көчөсү Манас проспектисинен тартып Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейин бир нече этап менен капиталдык оңдоодон өтөт.

Бул көчөлөрдө капиталдык оңдоо акыркы ирет 2001-2003-жылдары жүргүзүлгөн.

Капиталдык оңдоонун алкагында жолдун асфальт катмары, бордюрлар жаңыртылып, айрым тилкелер кеңейтилет. Жолдун үстүнкү катмарына майдаланган таш мастик асфальт төшөлөт.

Ошондой эле, быйылкы жылы мындан башка дагы төрт көчөдө капиталдык оңдоо жүрөт.

Тизме:

— Чүй проспектиси Манас проспектисинен Т. Айтматов көчөсүнө чейин;

— М. Горький көчөсү Манас проспектисинен 7-апрель көчөсүнө чейин;

— Б. Юнусалиев көчөсү Сухе-Батор көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейин;

— Жибек-Жолу проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон өтөт жана кеңейтилет.

Copyright © 2017 Maral FM