Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №31 түзөтүү абагынын жетекчиси «А.Т.О.» коррупцияга шектелип кармалды.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Маалыматка караганда, кармалган жетекчи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, жазасын өтөп жаткан адамдан жатак-абакка которуу же шарттуу түрдө бошотуу боюнча материалдарды даярдоо үчүн акча талап кылган.
7-октябрда Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (Коррупция) боюнча каралган кылмыштын негизинде «А.Т.О.» акча алып жаткан жеринен кармалды. Ал УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.