Биз менен байланышыңыз

Айыл чарба техникасын лизингге берүү үчүн 426 млн сом бөлүнөт

Кыска кабар | 7 Окт 2021 | 331 | 0

Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана товар өндүрүүчүлөрдү айыл чарба техникалары менен камсыздоодо мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында «Айыл Банк» ачык акционердик коомуна өзүнчө кредиттик линия ачуу үчүн 426,6 млн сом бөлүндү.

Тийиштүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.

Экономика жана финансы министрлиги “Айыл Банкка” Улуттук банктын кайтарым эсептеринде топтолгон 426млн 677 миң 758 сом өлчөмүндө каражатты берүүнү тапшырды.

«Айыл Банкка» айыл чарба, кайра иштетүүчү техниканы, тамчылатып сугаруу үчүн жаадырып сугаруучу машиналарды жана жабдууларды төмөнкүдөй шарттарда лизингге берүү сунушталды:

1-лизингдин мөөнөтү – 10 жылга чейин;

2-пайыздык ставка – жылдык 4,5 пайыз;

3-баштапкы салымдын өлчөмү – лизингдин предметинин акчалай түрдөгү наркынын 10 пайызынан кем эмес;

4-күрөөлүк камсыздоо (лизингдин предмети);

5-карызды төлөө графиги бузулган учурда ар бир мөөнөтү өткөн күн үчүн мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын 0,01 % өлчөмүндө кредиттин негизги суммасынан ашпаган эсептөө жүргүзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM