Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги көмүр сатылуучу пункттардын даректери

Кыска кабар | 6 Окт 2021 | 648 | 0

Бишкек мэриясы көмүр сатуучу пункттардын жана көмүр базаларынын даректерин жарыялады.

Бишкек шаарында 6 отун базасы жана 7 стационардык пункт бар. Жакында турак жайларда 35ке жакын стационардык пункттар ачылат.

Ленин районунда төрт отун базасы бар:

— «Ак-Жол» ЖЧК (Мурман көч. № 1а);

— «Торг-Синтез», «Кара-Жыра» ЖЧК (Мурман көчөсү №59а);

— «Береке» ЖЧК (Мурман көч. № 259);

— «Беш-Сары»  ЖЧК (Мурман көчөсү №186).

Октябрь районунда:

— «Торг-Синтез» ЖЧК («Төкөлдөш»  конушу, «Аламүдүн» станциясында).

Свердлов районунда:

— «Восход и К» ЖЧК (Достоевский көчөсү №1).

Ал эми Ленин районунда иштеп жаткан стационардык пункттар  төмөнкү даректерде жайгашкан:

—  Пушкин көч. №182;

—  Гагарин көч. № 67;

— Баррикадный көчөсү №2.

Свердлов районунда:

— «Учкун» жаңы конушу;

— Саадаев жана Орозбеков көчөлөрүнүн кесилиши;

— «Келечек» конушу;

— «Ак-Бата» конушу.

Copyright © 2017 Maral FM