Биз менен байланышыңыз

Бишкекте үч эм төрөлдү

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 293 | 0

Бишкекте үч эм төрөлдү. Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлагандай, бүгүн, 5-октябрда Бишкек шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарык дүйнөгө келген.

Ымыркайлардын үчөө тең кыз: биринчисинин салмагы – 1,870 кг, экинчиники – 2,160 кг, үчүнчү төрөлгөн кыздын салмагы 2,170 кг.

Бөбөктөрдүн апасы кесарева жолу менен төрөгөн. Учурда алар ооруканада, эне-балдардын абалы канааттандырарлык экендиги кабарланды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM