Биз менен байланышыңыз

Ошто бул жылдын эсебинен алгачкы ирет үч эм төрөлдү

Кыска кабар | 29 Окт 2018 | 1227 | 0

Ошто бул жылдын эсебинен алгачкы ирет үч эм төрөлдү. Бүгүн, 29-октябрда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов аларды зыярат кылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эрнис Бакиров жана Гулназ Батырова эки кыз жана бир уулдуу болушту. Алар 5-октябрда төрөлүп, Нуржан, Бекжан жана Гүлжан деген ысымдар ыйгарылган.

Мэр Сарыбашов аларга материалдык жардам көрсөтүп, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Ошондой эле, үчөөнө коляска тапшырып, коммуналдык маселелерин чечүү боюнча убада берди.

Белгилей кетсек, учурда үч эм дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бул эненин үчүнчү төрөтү, ал жолдошу менен буга чейин эки баланы тарбиялап келишкен.

Copyright © 2017 Maral FM