Биз менен байланышыңыз

БШК: Дагы бир партия шайлоого катышуудан баш тартты

Кыска кабар | 5 Окт 2021 | 465 | 0

«Аалам» саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуудан баш тартканы тууралуу билдирди.

БШКдан билдиргендей, партиянын баш тартуусу боюнча билдирүүсүн карап көрүп, арызын кабыл алган.

«Аалам» саясий партиясынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн каттоосу жокко чыгарылып, алардын каттоо күбөлүктөрү жараксыз деп табылды.

Буга чейин Ооганстандагы согуштун ардагерлеринин жана башка жергиликтүү аскердик чыр-чатактардын катышуучуларынын саясий партиясы парламенттик шайлоого катышуудан баш тарткан.

28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого башында 75 партия арыз берген. БШК «Эркин Кыргызстан» жана «Эне жүрөгү — Мекен» партияларын каттоодон өткөргөн эмес.

Copyright © 2017 Maral FM