Биз менен байланышыңыз

Нурадил Баясов Инвестициялар министринин милдетин аткарат

Кыска кабар | 28 Сен 2021 | 845 | 0

Нурадил Баясов Инвестициялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

32 жаштагы Нурадил Баясов 2012 –жылдан бери бул багытта жетектөөчү адис катары иштей баштаган.

Баясов 2021-жылы агуст айында Инвестициялар министринин орун басары болуп дайындалган. Ага чейин Өкмөт аппаратынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн инвестициялар, ишкердик жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк секторунун башчысы болуп иштеген. Ошондой эле Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин бөлүм башчысы да болгон.

Алмамбет Шыкмаматов парламенттик шайлоого байланыштуу Инвестициялар министри кызматынан кетүү жөнүндө арыз жазган. Анын отставкасын президент 28-сентябрда кабыл алды.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов Инвестициялар министри болуп февраль айында дайындалган эле.

Нурадил Баясовдун өмүр баяны.

  • Туулган жылы: 18.09.1989-жыл.
  • Үй-бүлөлүү, үч баланын атасы.

Эмгек жолу:

05-08.2012-ж. Экономикалык жөнгө салуу жана монополияга каршы саясат министрлигинин соода саясаты башкармалыгынын тышкы соода жана ДСУ бөлүмүнүн жетектөөчү адисинин милдетин аткаруучу.

08-12.2012-ж. ушул эле бөлүмдө башкы адистин милдетин аткаруучу.

01-08.2013-ж. –Экономика министрлигинин Фискалдык саясат башкармалыгынын салык саясаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

08.2013-ж. — 09.2014-ж. –Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат жана мамлекеттик жеке өнөктөштүк департаментинин Инвестицияларды тартуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси.

09.2014-ж. — 01.2017-ж. – Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияларды тартуу агенттигинин Инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү башкармалыгынын эксперти.

11.2017-ж. — 03.2019-ж. –Инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү боюнча мамлекеттик агенттиктин инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы.

03-08.2019-ж. –Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин Инвестицияларды тартуу жана коргоо бөлүмүнүн башчысы.

08.2019-ж. — 08.2020-ж. –Өкмөт аппаратынын Экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн Интеграциялык процесстер жана макроэкономика секторунун башчысы.

08.2020-ж. –Өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн Инвестициялар жана МЖӨ секторунун башчысы.

10.2020-ж. –Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу.

12.2020-ж. –Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары.

03.2021-ж. –Өкмөт аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн Инвестициялар жана МЖӨ секторунун башчысы.

03.2021-ж. – Өкмөт аппаратынын Экономика жана финансы бөлүмүнүн Инвестициялар, ишкердик жана МЖӨ секторунун башчысы.

07.2021-ж. – Инвестиция министринин орун басары.

Copyright © 2017 Maral FM