Биз менен байланышыңыз

УКМК кармаган экс-депутат Кубанычбек Нурматов Тажикстанга элчи болмок

Без рубрики | 21 Сен 2021 | 233 | 0

УКМК алдамчылыкка шектеп кармаган мурдагы депутат Кубанычбек Нурматов Тажикстанга элчи болуп дайындалмак. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Телеграм-каналында билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан Нурматовдун элчи болушуна макулдугун берген. Ага чейин тажик тарап бир нече адамдын талапкерлигин жактырган эмес.

«Август айында эл аралык иштер боюнча комитетке документтер келип түшкөн. Сентябрдын башында анын талапкерлиги жактырылган», — деди ал.

Сөз аягында ал президенттин кадрдык саясаты өтө аксап жатканын белгиледи.

Эскерте кетсек, Кубанычбек Нурматов 20-сентябрда 2013-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлккө алдамчылык жол менен ээлик кылып алган деп кармалган.

Экс-депутат Нурматов алдамчылык фактысы боюнча кармалды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM