Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат Нурматов алдамчылык фактысы боюнча кармалды

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 642 | 0

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызмат «Кыргызстан» саясий партиясынын мурдагы депутаты тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатканын билдирет.

Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экени далилденген.

2013-жылы Кубанычбек Нурматов Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алган.

Ал 20-сентябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Copyright © 2017 Maral FM