Биз менен байланышыңыз

Тажикстандык студенттер, этникалык кыргыздар Кыргызстанга киргизилбей жатат

Кыска кабар | 20 Сен 2021 | 505 | 0

Кыргызстандын окуу жайларында билим алган жүздөн ашык тажикстандык студент Кыргызстанга келип, окуусун уланта албай жатат. Бул тууралуу «Азаттыктын» тажик кызматы жазды.

«Озоди» жазгандай, бул маселе боюнча Тажикстан тарап Кыргызстанга кайрылганы менен азырынча жооп келе элек.

Мындан мурда Тажикстандын Билим берүү министрлиги Кыргызстанда билим алган жарандарына окуусун өз өлкөсүндө уланта аларын билдирген. Андан кийин бир топ студент өз өлкөсүндөгү окуу жайларга которулуп кеткен. Сунушталган бөлүм өзүнүн адистиги боюнча болбогондуктан же Кыргызстанда окугусу келгендиктен айрымдары которулуудан баш тарткан.

Кыргызстанга келип окуусун уланта албаган тажикстандыктардын арасында этникалык кыргыздар да бар. Буга чейин алар да Кыргызстан бийлигине кайрылып, окуусун улантуу маселесин чечип берүүнү өтүнгөн.

Эскерте кетсек, быйыл апрель айынын аягында кыргыз-тажик чек арасында куралдуу кагылыш болгон. Анда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 180ден ашык киши жаракат алган. Тажик тараптан 19 киши өлүп, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган.

Май айынын аяктарында Кыргызстан Тажикстан менен чек араны жапкан.

Тажикстандагы кыргыздар Кыргызстанда окуусун уланта албай жатат

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM