Биз менен байланышыңыз

Тажикстандагы кыргыздар Кыргызстанда окуусун уланта албай жатат

Билим-маданият , Коом | 17 Сен 2021 | 3238 | 0

Тажикстандагы кыргыз студенттер чек ара маселесинен улам Кыргызстанда окууларын уланта албай жатышат. Буга байланыштуу «Кызматташуу KG» коомдук фонду президент Садыр Жапаровго, министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Мариповго жана улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдогон.

Этникалык кыргыздар Кыргызстандын бир нече жогорку окуу жайларында билим алышат. Тажикстандын Мургаб жана Жерге-Тал райондорунда 360 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт. Анын ичинде 120дан ашууну Кыргызстандын бир канча окуу жайларында билим алып келишкен. Быйылкы жылы чек аралар жабык тургандыктан, алар окууларына кайтып келе албай жатышат.

«Кызматташуу KG» коомдук фондунун төрагасы Зайнидин Тагаевдин айтымында, эл аралык ченемдерге ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында билим алуу, саламаттыкты сактоо боюнча тоскоолдук болбошу керек эле.

«Бул жерде эки тараптан тең чек ара ачылбай жатат. Бирок бүгүнкү күндө эл аралык ченемдер бар. Мисалы, кайсы мамлекетте болбосун, билим берүү маселесинде, саламаттыкты сактоо маселесинде чек ара болбошу керек эле. Ошону эске алып, этникалык кыргыз студенттерге уруксат берилсе жакшы болмок». 

Окуу жылынын башында Кыргызстанга келе албай жаткан Тажикстандагы кыргыз студенттердин 84ү чек ара маселесин чечип берүүнү суранып, интернет аркылуу билдирүү жасашкан.

Бул маселеге тынчсызданган «Энке Чокон» Көчмөндөрдүн улуттук оюндары федерациясынын президенти Нурмухаммед Абдалимов Билим берүү жана илим министрлигине кайрылган. Алар Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышканын маалымдаган.

«Биз бийлик органдарына, анын ичинде Билим берүү жана илим министрлигине кайрылганбыз. Алар Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын айтышкан. Биринчи сурообузга канааттандырарлык жооп ала албаганыбыз менен экинчи жолку кайрылуубузга «маселе чечилгени калды» деп билдиришкен. Ошентсе да биз маалымат жыйын өткөрүп, мамлекет башчысына, министрлер кабинетинин төрагасына жана УКМКнын башчысына кайрылып жатабыз». 

Аксакалдар кеңешинин мүчөсү Ашурбек Шарафудинов этникалык кыргыздардын мындай көйгөйүн колдон келишинче ылдамыраак чечүүнү өтүнөт.

«Мына чет мамлекеттерден: Индия, Пакистандан көптөгөн студенттер келип, виза аркылуу окууларын улантып жатат. Ал эми Тажикстандын Жерге-Тал районунда биздин боордош эл жашайт. Ошол боордоштордун балдары Кыргызстанда бир нече жогорку окуу жайларда билим алып келишкен. Чек аралардын жабыктыгына байланыштуу ошол балдардын келишинде көйгөй болуп жатат». 

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы Тажикстанда жашаган кыргыз улутундагы студенттердин бул көйгөйү боюнча маалыматы жок экенин айтты. Ал эми Министрлер кабинетинен алгылыктуу жооп алууга мүмкүн болгон жок.

Copyright © 2017 Maral FM