Connect with us

Нарын облусунда 50 миңге жакын адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү

Кыска кабар | 17 Сен 2021 | 376 | 0

Нарын облусунда 50 миңге жакын адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги алдында өткөн республикалык штабдын көчмө отурумунда айтылды.

Нарын облусунда 102 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалган. Алардын ичинен 46%ы биринчи доза (анын ичинде 31%ы эки дозаны тең алган) менен эмделген. Райондор боюнча алганда Жумгалда калктын 49%ы, Нарында — 48%ы, Ат-Башыда — 43%ы жана Ак-Талаада 44%ы эмдөөдөн өткөн.

Белгилей кетсек, акыркы эки жумада Жумгалда COVID-19 жуктурган учурлар катталган эмес.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM