Нарын облусунда 50 миңге жакын адам COVID-19га каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашованын жетекчилиги алдында өткөн республикалык штабдын көчмө отурумунда айтылды.
Нарын облусунда 102 миң адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалган. Алардын ичинен 46%ы биринчи доза (анын ичинде 31%ы эки дозаны тең алган) менен эмделген. Райондор боюнча алганда Жумгалда калктын 49%ы, Нарында — 48%ы, Ат-Башыда — 43%ы жана Ак-Талаада 44%ы эмдөөдөн өткөн.
Белгилей кетсек, акыркы эки жумада Жумгалда COVID-19 жуктурган учурлар катталган эмес.