Биз менен байланышыңыз

Окуу жылына карата Жалал-Абадда эки жаңы мектеп ачылды (сүрөт)

Кыска кабар | 15 Сен 2021 | 433 | 0

Бүгүн, 15-сентябрь күнү жаңы окуу жылынын башталышына карата Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Багыш айылында жаңы мектеп пайдаланууга берилди.

№8 У. Абдукаимов атындагы мектеп 275 орундуу. Анын ачылышына президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Сузак районунун акими Баратбек Сыдыкназаров, билим берүү кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин курулушу 2014 жылы башталган. Ага республикалык бюджеттен 48 миллион сом сарпталган.

Бул жылы Жалал-Абад облусунда окуу жылынын башталышына карата 2 жаңы мектеп бүткөрүлдү. Жыл аягына чейин дагы эки мектеп пайдаланууга берилет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM