Биз менен байланышыңыз

Бир мандаттуу округдан талапкерлер арыз бере баштады

Кыска кабар | 13 Сен 2021 | 825 | 0

Парламенттик шайлоого катышуу үчүн бир мандаттуу округдардан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер документ тапшыра баштады.

Бүгүн, 13-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев талапкер болуу үчүн арыз тапшырганын БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Ал Нарындагы №33 шайлоо округунан талапкерлигин коёт.

Жогорку Кеңешке шайлоо: Кандай учурда бюллетень жараксыз болуп калат?

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерди каттоо 18-октябрь саат 18:00дө аяктайт.

Быйыл парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Жогорку Кеңеште 90 депутаттан туруп, анын 54ү партиялык тизме менен, 36сы бир мандаттуу округдардан шайланып келет.

БШК: Бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлерди каттоо башталды

Copyright © 2017 Maral FM