Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңешке шайлоо: Кандай учурда бюллетень жараксыз болуп калат?

Кыска кабар , Пикирлер | 8 Сен 2021 | 871 | 0

Шайлоонун кандай системада өтөрү маанилүү эмес, шайланып келген депутаттардын кандай иштеп кеткени маанилүү. Мындай пикирин БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, жаңы киргизилген аралаш системанын жаман-жакшы жактары шайлоодон кийин гана белгилүү болот. Азыр болсо, шайлоочуларга болушунча тезирээк жаңы эрежелерди түшүндүрүү ишин алып баруу зарыл. Болбосо, адашып, добушу жокко чыгып калат. Бул өз кезегинде нааразычылыктарга, шайлоонун таза өтүшүнөн күмөн саноолорго алып келиши мүмкүн.

«Кандай учурда добуш жараксыз болуп калат? Бир мандаттуу округда баары түшүнүктүү, фамилиялар кетет, бирөөсү тандалат, кимиси көбүрөөк добуш алса, ошол шайланат. Партиялык тизме менен болгондо кичине кыйыныраак. Ал жерде  бюллетень эки бөлүктөн турат: сол тарабында мурункудай эле шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмеси; оң жагында 54 сан көрсөтүлөт. Бул — тизмедеги талапкерлердин катар номери. Биринчи партияны тандайсыз, анан талапкерди тандайсыз. Аны жаттап калуу кыйын. «Кабинанын ичине тизме илинет» деп айтылып жатат. Бирок кабинанын көлөмү чакан эле, 30 партия катышып калса, 1500 талапкердин фамилиясын ичине кантип илет? Бул да ойлоно турган иш болуп калды. Сөзсүз түрдө бир бюллетенде 2 белги болушу керек. Биринчи белги партияга, экинчи белги талапкердин катар номерине берилет. Эгер ошол бюллетенде партияга белги коюлбай калса, же партияга коюп туруп, эки талапкерди белгилеп койсо, анда жараксыз болуп калат. Эң негизги шарт – бир талапкерге, анан бир партиянын атына белги коюу керек», — дейт БШКнын мурунку төрагасы.

Ал бул система менен шайлоонун жыйынтыгын чыгарууда шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө күч келе турганын эскертти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM