Биз менен байланышыңыз

БШК: Бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлерди каттоо башталды

Кыска кабар | 12 Сен 2021 | 1271 | 0

Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин бир мандаттуу шайлоо округдарынан коё турган жарандарды каттоо башталганын Борбордук шайлоо комиссиясы жарыялады.

Мыйзамга ылайык, талапкерлерди каттоо бир мандаттуу шайлоо округдарынын тизмеси расмий жарыяланган күндөн тарта добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт. Саясий партиялар бир округга бир гана талапкер көрсөтө алат. Ал эми өзүн-өзү көрсөткөн жарандар бир гана округдан талапкерлигин коюусу керек.

Саясий партиялар же өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлер айтылган мөөнөттүн ичинде БШКга төмөнкү документтерди берүүгө тийиш:

  1. саясий партиянын жетекчисинин колу жана саясий партиянын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечими же болбосо өзүн-өзү көрсөткөн арыз;
  2. өмүр баянынын жана башка маалыматтардын атайын формалары;
  3. паспорттун көчүрмөсү;
  4. дипломдун нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
  5. иштеген же окуган жеринен маалымдама;
  6. соттолгон же соттолбогону жөнүндө маалымат;
  7. чет мамлекеттин жарандыгы (ошондой эле мурдагы жарандыктары, башка жарандыктары) бар же жок экендигин аныктоо үчүн иликтөө жүргүзүүгө жазуу жүзүндө уруксат берүү;
  8. шайлоо күрөөсүн (100 миң сом) төккөндүгүн ырастаган документ.

Белгилей кетсек, бир мандаттуу округдан депутаттыкка талапкерлерди каттоо 18-октябрь саат 18:00дө аяктайт.

Ошол эле учурда өлкө президенти, Жогорку Кеңештин же жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан башка кызматкерлердин (катардагы кызматкер, бөлүм башчы, жетекчи, командир, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери ж.б.) бардыгы талапкерлиги көрсөтүлгөн күндөн тарта кызматын өткөрүп берүүгө милдеттүү. Ал эми ал иштеген мекеменин жетекчиси арыз менен кайрылган учурдан 3 күндөн кечиктирбестен, айлыгын сактоо менен кызматынан бошотушу керек. Талапкердин кызматтан кеткенин тастыктаган документти 5 күндүн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүүгө тийиш.

БШК: Бир мандаттуу шайлоо округдары такталды

Copyright © 2017 Maral FM